Көпчүлүк үчүрда берилүүчү суроолор

1. Сизде тейлөө программасы акысызбы?

Долбоордо үч программа боюнча тейлөө каралган. Алардын бири, тактап айтканда, "Электрондук мектеп" программасы акысыз болуп эсептелинет.

2. Мектептен бир класс туташса болобу?

Ооба. Класстардын бири же айрым бөлүгү каттоодон өтсө болот. Тейленүүчү класстардын санына карабастан, тейлөө үчүн келишим окуу жайы менен түзүлөт жана кийинчерээк башка класстарда туташа алышат.

3. Электрондук күндөлүккө ким баа коюушу керек?

Баалоо боюнча электрондук күндөлүккө окуу жайдан дайындалган ыйгарым укук берилген жооптуу адам долбоор боюнча (долбоордун мектеп администратору), же сабак берген мугалим (өзүнүн сабагына өзүнүн классына) гана баа коё алат.

Электрондук күндөлүктү жүргүзүүнүн мүмкүн болгон эки формасы каралган:

  1. -- сабактардын жыйынтыгы боюнча аттестациялоо;
  2. -- жыйынтыктоочу аттестация.

Тестирлөө өткөрүлгөн учурда баалоо ар бир сабак боюнча баа алган сайын коюлат, жыйынтыктоочу аттестациялоо учурунда баалоо чейрек (Жарым жылдыктар) боюнча гана коюлат.

Ар кандай предметтер боюнча аттестациянын ар кандай формаларын бир эле мезгилде аралаш пайдалануу мүмкүн (мисалы, математикадан сабактардын – жыйынтыгы боюнча аттестация, дене тарбия боюнча – жыйынтыктоочу).

Жетишкендиктин аналитикалык жана статистикалык көрүнүшү жыйынтыктоочу аттестациянын маалыматтары боюнча гана түзүлөт.

Сабактардын жыйынтыгы боюнча аттестациялоо менен гана катышууну көздөмөлдөө мүмкүн.

4. Системада предметтер боюнча окуучунун орточо баллын эсептөө каралганбы?

Ооба, мындай эсептөө автоматтык режимде жүргүзүлөт.

5. Класстык жетекчи өзүнүн классына баа чыгара алабы?

Мүмкүн, эгерде долбоордун мектеп администратору ага ушул иш-аракетке укук берсе.

6. Окуучу электрондук күндөлүк жеткиликтүүлүктүн сыр сөзүн өзгөртө алабы?

Жок. Окуучу электрондук күндөлүк эсептин сыр сөзүн өзгөртө албайт. Өздүк кабинетке кирүүгө ата-энесине билбестен, окуучу тарабынан блокировкаланган учурлардан тышкары, жеке кабинет аркылуу сыр сөздү өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жок. Сыр сөздү алмаштыруу үчүн долбоордун мектеп администраторуна кайрылууга болот (жеке өзү же ага өзүнүн кабинеттеринен билдирүү жөнөтүп, ошондой эле сиздин окуу жайыңызда колдогон башка байланыш каналдарын колдонууга болот).

7. Эгерде кээ бир ата-энеслери каршы же башка себептер менен электрондук күндөлүккө кошула албаса, бул жагдай мектеп системасында жана маалымдоо ишине калган ата-эне жана окуучуларга тоскоолдук жарачлайбы?

Жок, бул мектепке жана долбоорго эң кандай тоскоолдук жаратпайт. Электрондук күндөлүктү колдонуу мүмкүнчүлүчү окуучунун ата-энесинин каалоосу боюнча берилет. Эгер ата-эне мектеп сунуштаган электрондук күндөлүккө кошулууга мүмкүнчүлүк жок болсо, мындай ата-энеге системага кирүү үчүн колдонуучунун логин жана паролу берилбейт. Бирок, окуу жылынын ичинде каалаган учурда кирүүгө болот. Бул үчүн долбоордун администраторуна сиздин мектепке кайрылуу керек.

8. Долбоорго кошулууда ата-энелер үчүн кандай пайдалар болот?

Ата-энелер үчүн долбоорго кошуунун артыкчылыктары жөнүндө атайын ата-энелер үчүн бөлүмүндөгү толук маалыматты карагыла.

9. Окуучуларга жана алардын ата-энелерине билдирүүлөрдү таратуу кантип жүзөгө ашырылат?

Билдирүүлөрдү жиберүү мүмкүнчүлүгү мугалимдерде же долбоордун мектеп администраторунда гана бар. Билдирүү жүргүзүү кызматы өтө жөнөкөй, ыңгайлуу жана бир тол убакытты үнөмдөйт. Билдирүүнү өзүнчө окуучуга да, бүтүн класска да, жада калса мектептин бардык окуучуларына да жөнөтүүгө болот.

10. Мугалимдер ата-энелердин жана окуучулардын жеке кабинетти колдонушун көзөмөлдөөй алышабы?

Ооба. Жеке кабинеттерге кирүү убактысы жана күнү системада белгиленет.

11. Электрондук китепкана кантип иштейт?

Электрондук китепкана долбоору мектеп жана өнөктөш уюмдар тарабынан даярдалган материалдар менен толукталып турат.

12. Баланы мамлекеттик же муниципалдык мектепке кантип биринчи класска каттоо керек?

Каттоо адистештирилген системада www.mektep.edu.gov.kg сайтында жүргүзүлөт

Электрондук мектепке байланыштуу маселелер боюнча жогоруда көрсөтүлгөн сайтта жарыяланган байланыш маалыматтары боюнча кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

"Ачык мектеп" долбоорун мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге балдарды электрондук каттоону жүргүзбөйт.

Эгерде Сиз баланы жеке мектепке катоону кааласаңыз, анда сиз тандаган мектепке анын байланыш маалыматы боюнча кайрылыңыз.